Беш-Күнгөйдөгү стадиондун курулушу быйыл бүткөрүлөт
Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Беш-Күнгөй айылында курулуп жаткан стадиондон кабар алышты.
КФБнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жеринде жергиликтүү аймактын жетекчилери, «Талант» футболдук клубунун өкүлдөрү жана курулушту жүргүзгөн уюмдун өкүлдөрү көчмө жыйын өткөрүштү.
Жыйын алкагында КФБ өкүлдөрү курулуштун жүрүшүн текшеришип, маселе жараткан суроолорду талкуулашты.
Белгилесек, бул обьекттин курулушу 2025-жылы бүткөрүлөт.
