Кыргызстандык спортчулар Тажикстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту
19 март

Кыргызстандык спортчулар Тажикстанда өткөн мелдеште байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандык спортчулар Тажикстанда өткөн эл аралык мелдеште 2 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. 

Нооруз майрамына арналган мелдеш 16-17-март күндөрү Пенджикент шаарында өткөн.

Мелдеш Тажикстандын улуттук күрөшү куштингри күрөшү боюнча өттү.

Эркектер арасында +95 кг Уларбек Күрүчбек уулу жана кыз-келиндер арасында Аземи Камчыбекова 70 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болушту

Курама команда машыктыруучу Жанбулат Кусейиновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.