Байге фонду 5 млн сом. Жалал-Абадда бильярд боюнча Дүйнө биринчилиги башталды
Бүгүн Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча Дүйнөлүк Олимпиаданын “Айкалышкан пирамида” оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Биринчиликке 20дан ашуун өлкөдөн келген 81 спортчу катышууда. Ал эми Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышууда. Алардын эң кичүүсү 13 жашта.
Оюндардын жалпы байге фонду 5 млн. сомду түзөт.
