Пара шахмат боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
26-май күнү И.Раззаков Мамлекеттик техникалык университетинде пара шахмат боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты башталды.
Чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземине Спорттун Олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, пара шахмат боюнча федерациясынын өкүлдөрү, шахмат союзунун өкүлдөрү жана атайын чакырылган коноктор катышты.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.
26-май күнү башталган мелдеш 28-май күнү жыйынтыкталат.
