КФБ Президенти Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын жыйынына баш бакты
27 май

КФБ Президенти Камчыбек Ташиев улуттук курама команданын жыйынына баш бакты

26-май күнү Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны старт алган. Бул жыйын 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раундунун июндагы беттештерге болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.

Башкы машыктыруучу Максим Лисицындын жетекчилиги алдындагы курам менен болгон эң алкачкы машыгуусу «Мурас Юнайтед» окуу-машыгуу базасында орун алып, ага Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев баш багып, оюнчуларга ийгилик каалады. Белгилей кетсек, 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы 5-июнда Түндүк Корея менен (конокто), ошондой эле 10-июнда өз оюн талаасында БАЭ курамасы менен беттешет.

Жогоруда айтылган беттештерге даярдык көрүү максатында, Максим Лисицындын жетекчилиги алдында курама команда Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйынын баштап, 30-майдан тарта даярдыгын Сауд Арабияда улантат. Эске салсак, Түндүк Кореяга каршы беттеш Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт.