Тогуз коргоол боюнча КР курамасы Түркиядагы Дүйнө чемпионатына катышууда
11 ноябрь

Тогуз коргоол боюнча КР курамасы Түркиядагы Дүйнө чемпионатына катышууда

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына катышууда.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 9-15-ноябрь күндөрү өтөт. 

Курама команданын тизмеси:

  • Сырттан Сыргак уулу;
  • Марлис Дуулатбеков;
  • Адина Асеева;
  • Азиза Жамансартова;
  • Белек Абдрашитов;
  • Анарбек Жамакеев;
  • Гүлжамал Сарыкеева;
  • Айтурган Максатбек кызы;
  • Айзада Бактыбекова.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратованын жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.