Джиу-джитсу боюнча курама команда Азия чемпионатында 2 күмүш медалга ээ болушту
Кыргыз Республикасынын джиу-джитсу боюнча курама команданын мүчөлөрү Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпионатында 2 күмүш медалга ээ болушту.
Жаштар арасында Рамазан Тянгубер 69 кг чейинки салмакта катышкан. Жалпы төрт беттеш өткөрүп, финалдык беттеште Казакстандык спортчуга жеңилген.
Чоңдор арасында Руслан Сагдеев 94 кг чейинки категориясында катышкан. Финалга чейин Бириккен Араб эмиратынын, Филиппин жана Иорданиянын балбанын жеңген. Финалдык беттеште Сауд Аравиялык спортчуга жеңилген.
Курама команда машыктыруучу Абдурахман Муртазалиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
