Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
2 сентябрь
Көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдештер башталды
1-сентябрда «Евразия» пансионатында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тогуз коргоол боюнча мелдеш старт алды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, биринчи күнү мелдешке жалпы 127 спортчу катышты: 67 эркек жана 60 кыз-келиндер.
Мелдештер уланууда. Алдыда дагы бир катар оюндар жана чечүүчү этаптар күтүп турат.
2-сентябрь күнгө карата программа:
09:00-10:40 - Овари
11:00-12:40 - Мангала
14:30-16:30 - Тогуз коргоол
17:00-18:00 - Оюндардын ачылыш аземи
18:00-19:00 - Тогуз коргоол
