Футбол калыстар мектебинин жаңы окуу жылына кабыл алуу башталды. Талаптар
22 апрель

Футбол калыстар мектебинин жаңы окуу жылына кабыл алуу башталды. Талаптар

Кыргыз футбол биримдигинин Футбол калыстар мектебинин 2025-2026-окуу жылына кабыл алуу башталды. 

Окуу курстарын бүткөндөн кийин Улуттук категориядагы калыс болууга ири мүмкүнчүлүк бар, ал эми ийгиликтүүсү ФИФА калысы боло алат.

Мектепти бүтүргөн калыстар КФС алдындагы мелдештерге калыстык кылышат. Окуу кечки убакытта өтөт. 

Мектепке тапшыруу үчүн талаптар:

  • 18 жаштан кичүү эмес;
  • Мыкты физикалык форма (физикалык кондиция);
  • Футболдун базалык негизги эрежелерин билүү;
  • Калыстык жана профессионалдык жактан өсүү үчүн жеке сапатка ээ болуу;
  • Англис тилин билүү (жакшы болот).

Тапшыруу үчүн документтер:

  • Паспорт көчүрмөсү (ID карта)
  • Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү боюнча справка (Форма У-086);
  • Толтурулган форма, шилтеме аркылуу көчүрүүгө болот: https://bit.ly/3R8UHfq
  • Сүрөт 3X4
  • Толук документтерди referees@kfu.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.