Айбек Абдымомунов Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору кызматынан бошотулду
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Абдымомунов Айбек Тынчылыкович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
