22 апрель

Кыргызстандык спортчулар Казакстанда өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын эр эңиш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Алматы шаарында өткөн IV Азия чемпионаты 6 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Коло медалдын ээлери:

  • 60 кг Жекшенбек Турдубеков;
  • 70 кг Акыл Сагынбеков;
  • 80 кг Бактыгул Райхан уулу;
  • 90 кг Ислам Бердибек уулу;
  • 100 кг Амантур Мунур уулу;
  • +100 кг Турдукул Абдрахманов.

Курама команда башкы машыктыруучу Нурлан Турдубаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.