20 жашка чейинки кыздар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты (U-20) аяктады
11-июлда кыздар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты (U-20) аяктады. Жыйынтыгында Кыргызстандын командасы 4 медалга ээ болду: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло.
68 кг салмакта Гүлнура Таштанбекова Азия чемпиону, 72 кг салмакта Кайыркүл Шаршебаева күмүш, 55 кг салмакта Азиза Шумкарова жана 76 кг салмакта Айжаркын Жаныбекова коло медалдын ээси болду.
Чемпионаттын медаль ээлерин жана U-20 командасынын улук машыктыруучусу Капарбек уулу Билимбекти жеңиши менен куттуктайбыз!
Командалык эсеп:
1-орун – Индия 208 упай;
2-орун – Кытай 165 упай;
3-орун – Япония 160 упай;
4-орун – Кыргызстан 125 упай.
