Бүгүн күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат
8 январь

Бүгүн күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат

Бишкекте бүгүн, 8-январда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет. 

Маалыматка ылайык, алгач грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт.

Мелдештин биринчи күнүндө 55, 63, 72, 82, 97 кг салмактагылар күч сынашат.

Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.