Улан Кыдырбаев таяк тартыш боюнча VII дүйнө чемпионатына катышкан курама команданы кабыл алды
Бүгүн, 4-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев Монголиянын Архангай аймагында өткөн таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча VII дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын курама командасын кабыл алды.
Спортчуларды кабыл алуу учурунда Спорт агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев курама команданын жогорку жетишкендиги менен куттуктап, алардын эмгеги, күжүрмөн даярдыгы жана эл аралык аренадагы ийгиликтери үчүн ыраазычылык билдирди.
Дүйнө чемпионаты 33 мамлекеттин спортчуларынын катышуусунда өтүп, Кыргызстан командалык эсепте экинчи орунду ээледи. Кыргызстандын атынан мелдешке 33 спортчу катышып, алардын 30у медаль менен кайтып келди.
Белгилей кетсек, таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча VII дүйнө чемпионаты 2025-жылдын 30-июлунан 3-августуна чейин Монголиянын Архангай аймагында өттү.
