20-мартта «Өзбекстан-Кыргызстан» футболдук беттеши өтөт
2025-жылдын 20-мартында саат 19:00дө Бишкек шаарындагы Т. Усубалиев атындагы аянтта футбол күйөрмандары үчүн «Өзбекстан-Кыргызстан» көчмө беттешин көрүү үчүн ачык асман алдында “ЛЕГЕНДА” фан-зонасы уюштурулат.
Шаардыктарды жана борбор калаанын меймандарын кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы кызыктуу шоу-программа күтөт. Иш-чарага кирүү акысыз, күйөрмандар зонасы 19:00дө ал эми оюн 22:00дө башталат.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз футбол союзу жана анын өнөктөштөрү менен биргеликте уюштурууда.
