Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт
Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы.
Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча XXXXVII мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтмөкчү.
Мелдеш 29-апрелде башталып, 3-майда аяктайт.
Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан, Россия, Германия , Ирак, Азербайжан, Монголия, Түркмөнстан Беларусь жана Испаниядан 200 ашык спортчу спортчу келээри күтүлүүдө.
Катышуучулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг чейинки салмак категорияларында күч сынашат.
