Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт
22 апрель

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Ушул жылдын 25-26-апрель күндөрү Ш.Сыдыков атындагы спорт колледжинде жеңил атлетика боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:

  • Эркектер: 100,200, 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
  • Кыз-келиндер: 100, 200 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):
  • Эстафеталык жарыштар (Mix): 200, 400 м.

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты чемпионаты Дене тарбия жана спорт департаментинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.