КФБнын өкүлү ФИФА талаптарынын аткарылышы боюнча Саммитке катышууда
10 апрель

КФБнын өкүлү ФИФА талаптарынын аткарылышы боюнча Саммитке катышууда

Ушул күндөрү Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында ФИФАнын талаптарын аткаруу (комплаенс) маселелери боюнча бешинчи Саммит өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз футбол биримдигинини юридикалык бөлүмүнүн башчысы – Кундуз Асанканова катышууда.

ФИФА улуттук ассоциацияларына ачыктыкты, отчеттукту жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылууга багытталган бир катар талаптарды коёт. Бул стандарттар корпоративдик башкаруудан баштап, каржылык отчеттуулукка жана ички көзөмөлгө чейинки кеңири тармактарды камтыйт. Саммитке ФИФАга мүчө болгон 211 ассоциациянын делегаттары катышып, комплаенс жаатында тажрыйба алмашуу жана практикаларды ишке ашыруу үчүн уникалдуу платформа түзүлөт. Иш-чаранын программасында комплаенс программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ички көзөмөл системалары, тобокелдиктерди башкаруу жана ички аудит практикасы сыяктуу негизги темалар каралган.

Саммиттин өзгөчөлүгү – анын практикалык багытында: катышуучулар футболдук түзүмдөрдүн ар түрдүү өнүгүү деңгээлдерине ылайыкташтырылган конкреттүү куралдар жана ыкмаларды алышат. КФС өкүлүнүн саммитке катышуусу – кыргыз футболунда укуктук суроолорду жана комплаенс системасын бекемдөө боюнча маанилүү кадам. Бул биримдиктин ички саясатын өркүндөтүүгө, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана өнөктөштөрдүн, эл аралык уюмдардын жана коомчулуктун ишенимин арттырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.