III КМШ оюндары: кыргызстандык таэквондочулар үч медалга ээ болду
30-сентябрда Азербайжандын Мингечевир шаарындагы “Кюр” олимпиадалык окуу-спорт борборунда III КМШ оюндарында таэквондо боюнча мелдештер жыйынтыкталды.
Жыйынтыгында кыргызстандык үч спортчу байгелүү орундарды ээледи:
- Нурхан Самидинов (58 кг чейин) – күмүш медаль;
- Абдульазым Абдурахимов (+87 кг) – күмүш медаль;
- Рамазан Дыйканбаев (68 кг чейин) – коло медаль.
