Казакстандык “Кайрат” “Реал Мадридге” ири эсеп менен утулду
Казакстандын “Кайрат” футбол клубу Чемпиондор лигасынын алкагындагы оюнда өз талаасында Испаниянын “Реал Мадрид” командасына 0:5 эсебинде жеңилип калды.
Килиан Мбаппе үч гол катары менен киргизип, хет-трик жасаса, Эдуарду Камавинга жана Брахим Диас атаандаштынын дарбазасына бирден топ киргизди.
Бул "Кайраттын»" тайпалык баскычта катары менен экинчи жеңилүүсү болду: Рафаэль Уразбахтиндин шакирттери буга чейин Португалиянын «Спортингине» конокто 4:1 эсебинде утулуп калган. Мартынович өзү баштап, 90 мүнөттү толук ойноду.
Белгилей кетсек, Чемпиондор лигасынын 1-турунда “Реал” “Марселди” 2:1 эсебинде жеңсе, “Кайрат” “Спортингге” 1:4 эсебинде утулган.
