Бий спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү
Бишкекте 1-2-март күндөрү бий спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашкандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген 700 спортчу катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Эске салсак, мелдеш өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүп жуптук жана жекелик номерлер аткарылды.
