Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында Гонконг командасын жеңди
Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы Кышкы Азия оюндарында кезектеги жеңишке жетип, Гонконг командасын 6:5 эсебинде утуп алды.
Оюн атаандаштардын артыкчылыгы менен башталды: биринчи периоддон кийин Гонконг командасы 2:0 эсебинде алдыда болчу. Бирок кыргыз хоккейчилери күчтүү мүнөзүн көрсөтүп, экинчи периоддо эсепти кыскарта башташты. Эрсултан Мирбеков эки шайба киргизип, дагы бир голду Султан Исманов жаратты, бирок үчүнчү период башталарда эсеп Гонконгдун пайдасына – 4:3 бойдон калды.
Үчүнчү периоддо Кыргызстан чабуулун улантып, Исламбек Абдыраевдин голу менен эсепти теңеди (4:4). Бирок оюн бүтөргө аз калганда атаандаштар сандык артыкчылыктан пайдаланып, дагы бир шайба киргизишти – 5:4. Оюндун негизги убактысы бүтөргө бир мүнөт калганда, Мамед Сейфуловдун пасынан кийин Александр Титов голго киргизип, эсепти 5:5 кылды.
Овертаймда Исламбек Абдыраев экинчи шайбасын киргизип, Кыргызстандын командасына жеңиш алып келди – 6:5.
Эки команда тең чейрек финалга чыкты, ал эми 11-февралда Кыргызстандын командасынын кийнки атаандашы Түштүк Корея командасы менен күч сынашат.
