Куттуктайбыз! Эрназар Акматалиев Азия чемпиону болду
30 март

Куттуктайбыз! Эрназар Акматалиев Азия чемпиону болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.

Спортчу 70 кг чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/8 финалдык беттеште казакстандык балбанды 5:4 эсебинде, чейрек финалдык беттеште өзбекстандын балбанын 7:1 эсебинде уткан. Жарым финалдык беттеште жапониянын балбанын 8:8 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Алтын медаль үчүн беттеште Тажикстандын балбанын 5:4 эсебинде жеңип, Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды.