Ысык-Көл облусунун жаш шахматчылары АКШда өтүп жаткан “World Schools Team Championship – 2025” турниринде
Кыргызстандын атынан катыша турган жолдомону Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы 11-мектебинин окуучулары утуп алган.
Жолдомо Бишкек шаарында өткөн Ломоносов мектебинин Кубогунда чемпион болгон командага ыйгарылган.
Каракол шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Медет Жапаровго окуучулары жогорку ийгиликтерге жетишип жатканы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаш шахматчыларды колдоо максатында Ысык-Көл облустук Дене тарбия жана спорт башкармалыгы атайын спорттук формалар менен камсыз кылды.
