Талас шаарында 5 миң орундуу стадион курулууда
Стадиондун курулушу менен курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жеринде таанышты.
Стадиондун аянты 6,7 гектар аянтты түзүп, ал эл аралык стандарттарга толук жооп берет.
Долбоорго ылайык үч кабаттуу административдик имарат курулуп, гибриддик газон менен футбол талаасы, 8 тилкелүү чуркоо жолу жана жарыктандыруу системасы орнотулат.
Ошондой эле, стадиондун айланасына транспорттук көмөкчордон, 180 орундуу унаа токторуучу жай, атайын машыгуу талаасы жана көрктөндүрүү иштери каралган.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
