Бишкекте тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты өттү
Бишкекте тогуз коргоол боюнча өлкө чемпионаты өттү, деп кабарлайт Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы.
Кыргыз спортунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн мелдеш 11-18-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Чемпионаттын жүрүшүндө стандарт, рапид жана блиц түрлөрүнөн жана мелдештер өттү.
Жеңүүчүлөргө Спорттун Улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
