Байге фонду 100 миң сом. Нарында таяк тартыш боюнча мелдеш өтүүдө
Нарын шаарындагы «Газпром» спорттук комплексинде күн мурун, 9-апрелде спорттун таяк тартыш түрү боюнча облус башчысынын Кубогу башталды. Бул тууралуу президенттин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Облуста 3-ирет өтүп жаткан таяк тартыш боюнча мелдеш 15 жаштан өйдө курактагы эркек, кыз-келиндер арасында өткөрүлүүдө.
Облустук тандоо туруна ар бир райондон, Нарын шаарынан жалпы 150 спортчу катышты. Салмак чени 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг боюнча жүргүзүлүүдө.
Мелдештин жыйынтыгы менен Нарын облусунун курама командасы түптөлүп, спортчулар ушул жылдын 11-апрелинде өтүүчү республикалык чемпионатка катышат.
Нарын облустук спорт башкармалыгынын башкы адиси Кубанычбек Токторалиевдин маалыматы боюнча быйыл катышучулардын саны жылдагыдан эки эсе көп.
Жалпы байге фонду 100 миң сомду түзүп, мелдештин катышуучуларын колдоо максатында КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун резервдик фондунан 70 миң сом бөлүндү.
Ал эми диплом, медаль, кубок Нарын облустук спорт башкармалыгы тарабынан даярдалды.
