Тэг-регби боюнча боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү
Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде тэг-регби боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Мелдешке жети облустан келген командалар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
- 1-орун "Нарын" командасы;
- 2-орун "Ош" командасы;
- 3-орун "Ысык-Көл" командасы.
