Сурдо футзал боюнча Азиянын биринчи чемпионаты жыйынтыкталды
2026-жылдын 5-июлунда Бишкек шаарындагы “Алга” спорт комплексинде сурдо футзал боюнча Азиянын биринчи чемпионаты ийгиликтүү жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Эске салсак, чемпионат 2026-жылдын 26-июнунда салтанаттуу түрдө ачылып, ага Азиянын алты өлкөсүнөн – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Бахрейн, Оман жана Сауд Арабиясынан келген эркектер курама командалары катышты.
Жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин сыйлоо аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Төбөкелов, Азия-Тынч океан дүлөйлөрдүн спорт комитетинин (APDSC) футбол жана футзал боюнча техникалык директору Лим Хенг Тук жана APDSCнын Аткаруу комитетинин мүчөсү Эльвира Лигай катышышты.
Чемпионаттын жыйынтыгында:
1-орун – Казакстан
2-орун – Сауд Арабиясы
3-орун – Өзбекстан орундарды ээлешти
