Кыргызстан Монголияда өткөн мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпионатында командалык эсепте экинчи орунду ээледи
2025-жылдын 30-июлунан 3-августуна чейин Монголиянын Архангай аймагында мас-рестлинг боюнча VII дүйнө чемпионаты өттү.
Аталган мелдешке дүйнөнүн 33 өлкөсүнөн спортчулар катышты.
Кыргыз Республикасынын курама командасы жалпы командалык эсепте экинчи орунду ээледи. Жалпысынан мелдешке катышкан 33 кыргызстандык спортчунун ичинен 30у медаль менен кайтты.
Делегациянын курамы жалпы 36 адамдан турду, анын ичинде:
- 17си чоңдор арасындагы мелдешке катышкан спортчулар,
- 16сы жаш спортчулар (юниорлор),
- 2 машыктыруучу,
- 1 калыс.
Мас-рестлинг боюнча VII дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы:
1-орун (алтын медаль):
1. Асанов Азиз – 60 кг;
2. Ырысбаев Улукбек – 125 кг;
3. Абдыкадырова Эльза – 55 кг;
4. Иманканова Дильбара – 65 кг;
5. Болотбекова Элдана – 75 кг;
6. Советов Мухаммад – 50 кг;
7. Асанов Байсал – 90 кг;
8. Замирбекова Асема – 55 кг;
9. Мухамедова Касиет – 70 кг.
2-орун (күмүш медаль):
10. Турдушев Жанарбек – 65 кг;
11. Асанов Азамат – 70 кг;
12. Токтошев Бекмырза – 75 кг;
13. Роман уулу Бакыт – 85 кг;
14. Эгизбаева Сауле – 60 кг;
15. Камчыбеков Султан – 55 кг;
16. Кенешов Урмат – 65 кг;
17. Басылбеков Ратбек – 90+ кг;
18. Абыкенова Фатима – 50 кг;
19. Эсенбекова Айша – 60 кг;
20. Кубанычбекова Саида – 65 кг.
3-орун (коло медаль):
21. Айтбаев Элдос – 80 кг;
22. Эсенгул уулу Медеткан – 90 кг;
23. Акылбек уулу Эржан – 105 кг;
24. Эсенгулов Абдел – 125+ кг;
25. Керимкулова Адема – 65 кг;
26. Кочконбаева Рамина – 85 кг;
27. Осмонкулов Умар – 70 кг;
28. Карыпкулов Шербото – 75 кг;
29. Шайыков Байбек – 80 кг;
30. Ормоналиева Сезим – 70+ кг.
