Кыргыз күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионатынын ачылышы өттү
Бүгүн, 27-ноябрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында Кыргыз Республикасынын Кыргыз күрөш боюнча чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев, Кыргыз күрөш федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев, ошондой эле балбандар менен күйөрмандар катышты.
Ачылышта сөз сүйлөгөн Казыбек Молдажиев спортчуларга ийгилик каалап, татыктуу таймаштарды күтөрүн белгиледи.
Чемпионатта эркектер 60 кг, 66 кг, 72 кг, 78 кг, 84 кг, 90 кг, 96 кг жана +96 кг, ал эми кыз-келиндер 60 кг, 66 кг жана +66 кг салмак даражаларында күч сынашууда.
Мелдештин негизги максаты – Кыргыз күрөшүн эл аралык деңгээлде өнүктүрүү, курама команданы түзүү, спортчулардын чеберчилигин арттыруу жана Дүйнөлүк жана Азия чемпионаттарына талапкерлерди тандоо болуп саналат.
Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан I, II жана III даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.
