Бишкекте тажрыйбалуу комиссарлар үчүн семинар өттү
23 февраль

Бишкекте тажрыйбалуу комиссарлар үчүн семинар өттү

Бишкекте күн мрун, 22-февралда Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын тажрыйбалуу комиссарлары үчүн футбол беттештерин өткөрүү боюнча семинар өткөрүлдү.

Иш-чара лекциялар жана экзамен бөлүктөрүнөн туруп, семинардын лектору КФСтин инструктору Виктор Колпаков, КПФЛдин Аткаруучу директору Канат Асенов жана КПФЛдин өкүлдөрү болду.

Күндүн биринчи жарымында футбол беттештеринин комиссарларынын ролу, ишмердүүлүгү жана милдеттери, футбол талааларын жана стадиондорду даярдоо, маркетинг жана медиа уюштуруу маселелери козголуп, ал эми экинчи жарымында коопсуздукту камсыздоо, беттеш уюштуруучулары менен кызматташуу, рапорт жана комиссарлардын отчетторун толтуруу, инциденттерди талкуулоо шарттары каралды.

Семинардын жыйынтыгында комиссарлар экзамен тапшырышты.