Футзал боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти
Испаниялык Луис Бернат Молина футзал боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аны менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөн.
Испан адиси бул кызматта 2023-жылдын ноябрь айынан баштап иштеп келген. Машыктыруучу 2024 Азия Кубогунда ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, жаңы муундун оюнчуларына ишенимин арттырып, аларды командага жуурулуштуруу боюнча иш жүргүздү. Ошондой эле, 2026 Азия Кубогуна «F» тайпасынын тандап алуу беттештеринде Чыгыш Тимор, Палестина жана Өзбекстан курамаларын жеңип, биринчи орун менен чыкты.
Луис Бернат Молина профессионалдык карьерасын испандык «Барселона» клубунда башкы машыктыруучунун жардамчысы болуп улантат.
