Кыргызстандык самбочу Акак Үсөн кызы Дүйнөлүк оюндарда коло байге утту
Кытайдын Чэнду шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндардын алкагындагы самбо боюнча турнирдин экинчи күнүндө кыргызстандык спортчу Акак Үсөн кызы коло байгеге ээ болду. Ал 14-августта кыз-келиндер арасындагы жекече таймашта 54 кг салмак ченинде күч сынашты.
Аталган салмак ченинде биринчи орунду Өзбекстандын спортчусу Гүлсевар Уракова, ал эми экинчи орунду Венесуэладан келген Луизиана Кампос ээледи.
Эки күнгө созулган самбо боюнча мелдеште эркектер жана кыз-келиндер арасындагы жекече таймаштарда, ошондой эле командалык мелдештерде медалдар ойнотулду. Турнирдин экинчи күнүндө төрт салмак категориясында (эркектер – 64 кг, 98 кг; кыз-келиндер – 54 кг, 80 кг) жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталды.
Мындан тышкары, ошол эле күнү эркектер жана кыз-келиндер арасындагы командалык мелдештер өтүп, жалпы таймаштардын жыйынтыгы чыгарылды.
