Тыйын эңмей боюнча курама Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду
7 июнь

Тыйын эңмей боюнча курама Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болду

Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Шымкент шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. 

Азим Эсенбек уулу күмүш медалга ээ жана Адилбек Кенжебек уулу 3-орунду ээледи.

Курама команда машыктыруучу Максат Батырбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.