Бишкекте кунг-фу боюнча ачык чемпионат өттү
Бишкек шаарындагы «Газпром — балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде 12–13-май күндөрү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган кунг-фу боюнча ачык чемпионат болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен Бишкек шаарынын кунг-фу федерациясы биргелешип уюштурду.
Мелдешке Бишкек шаарынан жана Кара-Балта, Токмок, Кайыңды шаарларын кошкондо, жалпы 150гө жакын спортчу катышты. Турнир 7 жаштан 18 жашка чейинки балдарды, өспүрүмдөрдү жана 35 жашка чейинки чоңдорду камтып, ар түрдүү жаш курактар жана салмак категориялары ортосунда өткөрүлдү.
Ар бир жаш курактагы топ өз салмагына жараша бөлүнүп, жалпы 53 байге ойнотулду. Натыйжада катышуучуларды көп санда болуп, кармашуу жогорку деңгээлдеги атаандаштыкта өттү.
Чемпионат Бишкек шаардык кунг-фу федерациясы 2024-жылы негизделгенден бери экинчи жолу өткөрүлүүдө жана жыл сайын өткөрүү пландалууда. Ачык чемпионат макамы аймактардан катышуучуларды тартууга жана спорттун бул түрүн жайылтууга өбөлгө түзөт.
Турнирдин негизги максаттары — жаштар арасында кунг-фуну өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчуларда патриоттук сезимдерди жана тартипти калыптандыруу, келечектүү спортчуларды иргеп алуу, ошондой эле улуу муундун эрдигине болгон урматты даңазалоо болду.
Чемпионаттын жыйынтыктары:
7-8 жаш балдардын арасында:21 кг
1-орун Максатов Нурдоолот;
2-орун Юсупов Аббас;
3-орун Маласан Икрам, Ламиев Абдурахман.
9-10 жаш балдардын арасында: 27 кг
1-орун, Аполлов Ростислав;
2-орун, Маласан Мухаммад;
3-орун, Дауров Имран,Машанло Ильхан.
11-12 жаш балдар арасынды: 30кг
1-орун – Максатов Бакдоолот;
2-орун- Лювалинов Амирхан;
3-орун-Данияров Нурислам, Марасимов Наиль.
11-12 жаш кыздар арасынды: 30кг
1-орун – Шакирова Шадиона;
2-орун- Кудайбердиева Аяна;
3-орун-Токтоболотова Анара, Керимбекова Алина.
17-18 жаш: 55кг
1-орун – Бакытов Темирлан;
2-орун- Шакиров Жасур;
3-орун-Турдубаев Улук, Абдунабиев Исабек.
19-35 –жаш: 60кг
1 орун : Жумабеков Матай;
2-Орун: Эльмар у Санжар;
3-орун: Токтоболотов Бакыт, Мелисов Санжар.
Жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине кубоктор, медалдар жана дипломдор тапшырылды. Турнир достукта, спорттук духта өтүп, жаштарды спорт аркылуу бириктирип, улуу тарыхый Жеңиштин элесин улуктоого багытталды.