Чир спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү
18 июнь

Чир спорту боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү

14-15-июнь күндөрү “Газпром” спорт комплексинде чир спорту боюнча Кыргыз Респуликасынын чемпионаты болуп өттү. Мелдешке өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында өтүп, республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты. Катышуучулар жуптук, тайпалык жана жекелик номерлерди аткарышты.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөру боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.

Ошондой эле чир спорту боюнча Азия чемпионаты, “Kyrgyzztan open 2025” жана Эл аралык мелдеш болуп өттү. Медешке Казакстан, Өзбекстан, Швеция жана Орусиядан келге спортчулар катышты.