Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат
15 апрель

Кыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Азия чемпионатына катышат

Ушул жылдын 16–18-апрель күндөрү Ордос шаарында (Кытай) дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтөт. Аталган мелдешке Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы катышат.

Континенталдык биринчиликтин алкагында эркектер жана кыз-келиндер арасында жалпысынан 14 топтом медалдар ойнотулат.

Кыргызстандын атынан 14 балбан катышат.

Курама команданын тизмеси (эркектер):

  • 66 кг чейин — Эрбол Абасбеков, Адис Орозмаматов;
  • 73 кг чейин — Нурмухаммад Бакирдинов;
  • 81 кг чейин — Чыңгызхан Сагыналиев, Тегин Алмазжан уулу;
  • 90 кг чейин — Эрлан Шеров, Эржан Канатбеков;
  • 100 кг чейин — Дуат Полтушев;
  • 100 кг жогору — Эмирхан Жолдошказиев.

Машыктыруучулар: Эркин Ибрагимов жана Азат Кубакаев

Курама команданын тизмеси (кыз-келиндер):

  • 57 кг чейин — Жанар Жолдошева, Бегай Бейшеналы кызы;
  • 63 кг чейин — Адина Көчкөнбаева, Мырзайым Дүйшөнбекова;
  • 70 кг чейин — Алина Молдокулова.

Машыктыруучулар: Гапар Турсуналиев жана Ислам Баялинов.