Кыргызстандын тайбокс боюнча курама командасы дүйнө чемпионатына катышат
Кыргызстандын тайбокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Камбоджанын Сиемреап шаарында өтө тургандүйнө чемпионатына катышат.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдеш 5-9 декабрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 70 кг Махабат Орозбекова;
- 54 кг Диана Зайнитдинова (14 жаш);
- 54 кг Нурсултан Карбозов (14 жаш);
- 51 кг Аланур Абдыкаров (15 жаш);
- 48 кг Алия Саалыева (16 жаш);
- 51 кг Милана Шихшабекова (17 жаш);
- 60 кг Аделя Асылбек кызы (17 жаш);
- 60 кг Альберт Бактыбеков;
- 60 кг Элазан Замирбеков;
- 63, 5 кг Ихтяр Каныметов.
Курама команда машыктыруучулар Дильшат Даутов жана Александр Кононенконун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
