Кыргызстандык адис U-17 Азия Кубогунда иштеди
21 апрель

Кыргызстандык адис U-17 Азия Кубогунда иштеди

Кыргызстандын адиси континенттин эң мыкты 16 команданын катышуусу менен Cауд Арабиясынын Джидда шаарында орун алган U-17 жаштар курама командалар арасындагы Азия Кубогунда иштеди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Турнир 20-апрелде жыйынтыкталды.

КФБга тиешелүү «Спорт маркетинг» уюмунун жетекчиси Назгүл Орозканова турнирдин тайпалык оюндарын кабыл алган Абдаллы Спорт падышасынын атындагы «Сити Холл» стадионунда маркетинг офицеринин милдетин аткарды.

Аталган дайындоо Кыргызстандын адистери эл аралык аренада талабы бар, жогорку кесипкөйлүккө ээ экендигинен кабар берет.