Имандос Бектенов ок атуу спорту боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди
Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов Азия чемпионатында күмүш медаль утту.
2-14-февраль күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында ок атуу спорту боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Мелдешке 19 өлкөдөн 385 спортчу катышууда. Азия чемпионатынын программасына үч жаш категориясы кирет. Кыргызстандын курама командасынан 16 спортсмен 3 машыктыруучунун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.
Мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында 10 м Air Pistol (пневматикалык тапанча менен атуу) көнүгүүсүндө Кыргызстандын эки спортсмени финалга чыкты. Чоңдор арасында Аскат Токмоков 7-орунду ээледи. Ал эми юниорлор арасында Имандос Бектенов 2-орунду ээлеп, күмүш медаль жеңди.
