Чолпон-Атада салыкчылар арасында спартакиада өтүүдө
3 май

Чолпон-Атада салыкчылар арасында спартакиада өтүүдө

Чолпон-Ата шаарында Салык кызматынын кызматкерлеринин арасында спартакиада старт алды.

Ачылыштын салтанаттуу аземине Салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Арпачиев, Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов, ошондой эле мелдештин катышуучулары катышты.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов өз сөзүндө бул жылы спорттук иш-чара Салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата уюштурулуп жаткандыгын белгиледи.

Ошондой эле ал салык системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү менен байкалган олуттуу натыйжаларды берип жаткандыгын баса белгиледи.

Мирлан Рахмановдун айтымында, бул иш-чара корпоративдик рухту, сергек жашоо образын түзүүгө жана Салык кызматынын жамаатында позитивдүү маанайды калыптандырууга багытталган.

Белгилей кетсек, спартакиада 2-3-май күндөрү өтөт. Ага бардык аймактык салык органдарынан жана Салык кызматынын борбордук аппаратынан 12 командага бириккен 360тан ашуун кызматкер катышат.

Мелдештер спорттун 8 түрү боюнча өткөрүлөт: жеңил атлетика, волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, стол тенниси, аркан тартыш жана бильярд.