Токио шаарында XXV Жайкы сурдлимпиада оюндары ачылды
Токионун спорт ареналарында бүгүн, 15-ноябрда XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чара Tokyo Metropolitan Gymnasium комплексинде уюштурулду.
Сурдлимпиада оюндарын Кулагы начар уккандар спорту боюнча эл аралык комитетинин (ICSD) президенти Адам Коса ачып, бардык катышуучу мамлекеттерге ийгилик каалады. Ошондой эле, Япониянын улуттук салттарын жана заманбап маданиятын чагылдырган маданий программа көрсөтүлдү.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун улуттук курама команданын мүчөсү, стол тенниси боюнча спорт чебери Мирбек Аалиев көтөрүп чыкты.
Сурдлимпиада оюндары угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн дүйнөдөгү эң ири эл аралык спорттук мелдеш болуп саналат жана ар төрт жылда уюштурулуп келет. 2025-жылкы оюндар Сурдлимпиада кыймылынын 100 жылдыгына туш келди.
Быйылкы оюндарга 81 өлкөдөн 3 миңден ашуун спортчу катышууда. Жалпысынан 21 спорт түрү боюнча 209 дисциплинада медалдар ойнотулат. Кыргызстандын улуттук курама командасынан 19 спортчу спорттун беш түрү боюнча мелдештерге катышат.
Кыргызстандын курама командасы үчүн алгачкы старт 16-ноябрда сурдо-дзюдо боюнча өтөт. Андан кийин графикке ылайык стол тенниси, грек-рим күрөшү, таэквондо жана эркин күрөш боюнча мелдештер менен уланат.
