Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна старт берди
23 октябрь

Камчыбек Ташиев Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна старт берди

Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы спорт комплексинин курулушуна мезгил кутусун салды.

Аталган спорт комплексинин жалпы аянты 2160 чарчы метрди түзүп, 2 кабаттан турат. Комплекс административдик жана спорттук болуп эки бөлүккө бөлүнүп, анда эки спорт зал, өзүнчө машыгуу бөлмөлөрү жана башка керектүү заманбап шарттар каралган. Долбоордун сметалык баасы 150 млн.сом.

Иш-чаранын жүрүшүндө УКМК Төрагасы Баетов айылынын тургундарын, өзгөчө жаштарын спорт менен машыгууга жана спорт аркылуу сергек жашоо образын калыптандырууга чакырды. Аталган спорт комплекси аркылуу келечекте өлкөнүн желегин желбиреткен мыкты спортчулар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирди.

Өз кезегинде Баетов айылынын тургундары УКМК Төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылыктарын айтышып, ак батасын беришти.