Роберт Просинечки Жогорку лиганын клубдарынын машыктыруучулары менен жолугушту
12 январь

Роберт Просинечки Жогорку лиганын клубдарынын машыктыруучулары менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук курамасынын башкы машыктыруучу Роберт Просинечки Сауд Арабиясынын Жидда шаарында АФКнын «PRO» лицензиясы боюнча окуу жана квалификациясын жогорулатуу курсуна катышып жаткан Кыргызстандын Жогорку Лигасынын клубдарынын машыктыруучулары менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдө футболду өнүктүрүү, анын жалпы деңгээлин көтөрүү жана оюнчулардын даярдыгынын сапатын жогорулатуу боюнча негизги маселелер каралды. Өзгөчө көңүл машыгуу процессиндеги бирдиктүү принциптерге жана талаптарга, улуттук курама команданын машыктыруучу штабы менен клубдардын өз ара кызматташтыгына, ошондой эле Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүүнүн жалпы философиясын түзүүгө бурулду.

Жолугушууга катышкандар машыктыруучулардын күчтөрүн бириктирүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана эл аралык стандарттарга ылайык заманбап машыктыруучу методикаларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.