Кыргызстан менен Түркмөнстан биргелешкен спорттук иш-чараларды өткөрүү маселесин талкуулады
КР мминистрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов бүгүн, 14-майда Түркмөнстандын элчиси Нуры Голлиевди кабыл алды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Нуры Голлиев эки өлкө ортосунда ынтымакты бекемдөө максатында спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча маек куруп, алдыдагы пландарды баарлашты.
