Сурдо волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 30-ноябрда сурдо волейбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги болуп өттү.
Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышты.
Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды.
Жеңүүчүлөр:
1-орун “Чүй облусу”;
2-орун “Бишкек шаары”;
3-орун “Ош шаары”.
