Альпинист Эдуард Кубатов Аннапурнанын чокусуна Кыргызстандын желегин орнотту
Альпинист Эдуард Кубатов Аннапурнанын чокусуна кычкылтексиз чыгып, Кыргызстандын желегин орнотту.
Бул чоку дүйнөдөгү эң кооптуу жана опурталдуулардын бири болуп эсептелет. Анын бийиктиги 8091 метрди түзөт.
Эдуард Кубатов чокуга орноткон желегин ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров тапшырганын жана бул жеңишти бүткүл Кыргызстан элине арнай турганын билдирди.
