Кыргызстандык балбандар Арменияда өтчү эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Армениянын Ераван шаарында өтө турган “Левон Варданян” эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Мелдеш 23-26-март күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 57 кг Мухамедрассул Салиев;
- 61 кг Юхан Догдурбек уулу,
- 65 кг Билол Шарип уулу;
- 70 кг Адис Рахат уулу, Аден Сакыбаев;
- 74 кг Өмүрбек Таалайбек уулу, Канат Керимбеков;
- 79 кг Байтемир Түлөбердиев;
- 92 кг Улук Сооронбеков.
Курама команда улук машыктыруучу Ильгиз Жакыпбеков (U-23) жана машыктыруучу Улан Надырбек уулунун жетекчилиги алында мелдешке катышат.
