
Бишкекте дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтүүдө
Бишкектеги "Газпром" спорт комплексинде бүгүн, 18-январда дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдештин биринчи күнү кыз-келиндер арасында 48, 57, 70, +78 кг чейинки салмакта жана эркектер арасында 60, 73, 90, +100 кг чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен улуттук курама команда бекитилет.